• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү үч пансионат пландалган көрсөткүчтү бере албай жатканы айтылды

Аймак 0

Бишкек, 15.10.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө.Жыйындын алкагында улутташтырылган мүлктөрдүн абалы менен таанышкан комитет мүчөлөрү, алардын келечегин талкууга алышты.

Алгач депутаттар "Солнышко" пансионатында болуп, имараттардын абалын жеринде көрдү. Айтылган маалыматтар боюнча бул эс алуучу жайы Улуттук олимпиадалык комитетке көп жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Ага ылайык, атайын каражат жумшалып, спорттук жайлар салынат. Ал эми мурдагы "Рохат" азыркы "Алтын-Жай", "Витязь", "Бостери" пансионаттары пландалган көрсөткүчтү бере албай жатканы талкуу учурунда белгилүү болду.

“Мунун негизги себеби мамлекеттик ишканаларды башкаруу иши натыйжалуу жүргүзүлбөй жаткандыгында”, – дейт вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.

Талкууда айрым эл өкүлдөрү жыл сайын эскирип, пайдасынан зыяны көбөйүп бара жаткан мүлктөрдү жеке менчикке өткөрүп берүү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолушту.

Эс алуучу жайлардын абалы менен таанышкан соң комитеттин отуруму өттү. Анда жайкы жана кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча маалыматтар угулуп, токтом долбоору талкууланды.

Эске салсак көчмө жыйынга эл өкүлдөрү Салайдин Айдаров, Максат Сабиров, Искендер Гайпкулов, Фархат Тулендыбаев, Орозбек Алыбаев, Абдумажит Юсуров, Элвира Сурабалдиева жана Дастан Бекешевдер катышууда.

Пикир

Оставить комментарий