• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдөгү катуу шамал шиферлерди учуруп кетти. Чыгым такталууда

Аймак 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда катталган катуу шамал шиферлерди учуруп кеткен. Учурда келтирилген материалдык чыгымдар такталууда, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-февралда болжол менен саат 15:30-16:00дөр чамасында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда ылдамдыгы секундасына 15-28 метрге жеткен катуу шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарындагы «Чолпон-Ата суу канал» муниципалдык ишканасынын 185 чарчы метр чатырын (профнастил), Тамчы айыл аймагынын Кош-Көл айылында 1 турак үйдүн 8 даана шиферин жана Тамчы айылында 1 турак үйдүн 36 чарчы метр чатырын (профнастил) учурган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Жерине ӨКМдин Ысык-Көл райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Пикир

Оставить комментарий