• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү кооптуу тилкелерге көчөттөр отургузулду

Аймак 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. «Жашыл долбоор» Ысык-Көл облусунда уланууда. Анын алкагында Түп районунун Шаты айылындагы 2 га жер көчкү коркунучу бар кооптуу тилкеге 500 даана көчөт отургузулду, натыйжада 5 турак үй корголот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Андан тышкары, Кумбел айыл ѳкмѳтүнүн Корумду айылында 300 даана ак терек кѳчѳтү тигилди.

"“Жашыл долбоор” – бул кооптуу табигый процесстер жана кубулуштар өрчүгөн жер тилкелерге, өзгөчө кырдаалдардын калкка жана аймактарга тийгизүүчү залалын азайтуу максатында барак-дарак тигүү жана аларды багып өстүрүү болуп саналат. ӨКМ тарабынан демилгеленип, өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, жергиликтүү бийлик органдары, калк жана эл аралык уюмдар менен биргеликте ишке ашырылуучу долбоор", - деп билдиришти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий