• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдөгү лагерде барымтага алынган аял бошотулду

Кырсык 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы "Хан-Теңири" лагеринде кароолчу болуп иштеген бала тарабынан барымтага алынган аял бошотулду. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, барымтага алынган аял лагерге келген.

"Сергей аттуу бала аялды ат менен ала качып кеткен. Лагерге кайтып келген аял аны койо берип, шектүү ат менен кеткендигин айтты", - деп билдиришти милициядан.

ИИБден кабарлашкандай, тоодо бир гана ат менен жүрүүгө мүмкүн.

"Учурда качып кеткен адамды кармоо боюнча атайын кызматтын аскерлери кетишти", - деп кошумчалашты милициядан.

Кырсык болгон кезде шектүү мас болгондугу айтылууда. Учурда ал ким менен отуруп ичимдик ичкендиги жана кырсыктын себеби тактала элек.

Белгилей кетсек, 4-июль күнү болжол менен саат 12:20да Ак-Суу районунун милиция бөлүмүнө "Эңилчек" сырт аймагында белгисиз адам "Хан-Теңири" лагеринин жетекчисинин орун басары 48 жаштагы А.Д. аттуу жаранды атып салганы тууралуу маалымат түшкөн.

Күбөлөрдүн айтымында, лагерде кароолчу болуш иштеген 29 жаштагы Түп районунун С.С. аттуу жашоочусу ашканага кирип, лагердин жетекчисинин орун басарын ок атуучу курал менен көкүрөк тушка атып салган. Андан кийин шектүү жигит 31 жаштагы Караколдун тургуну ал жерде иштеген М.К. аттуу жумушчуну ичке аткан.

Ал убакта тамактанып жаткан Тасма айылынын 33 жаштагы И.У. аттуу тургуну аны кармоого аракет кылган, бирок ал колунан бычактан жаракат алган.

Алган жаракатынан улам А.Д. ошол жерде жан берсе, М.К. жолдо жардам көрсөтүүгө алып бара жатканда каза болгон.

Ошондой эле күбөлөрдүн билдиргени боюнча, кылмышка шектүү кылмыш жасагандан кийин 48 жаштагы Каракол шаарынын тургуну Л.И. аттуу аялды барымтага алып, окуя жеринен жашырынып кеткен.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Пикир

Оставить комментарий