• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ысык-Көлдөгү лагерде эки киши өлтүрүлүп, бир аял барымтага алынды. Окуянын чоо-жайы

Кырсык 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү лагерлердин биринде бир жаран эки кишини өлтүрүп, бир аялды барымтага алган. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июль күнү болжол менен саат 12:20да Ак-Суу районунун милиция бөлүмүнө "Эңилчек" сырт аймагында белгисиз адам "Хан-Теңири" лагеринин жетекчисинин орун басары 48 жаштагы А.Д. аттуу жаранды атып салганы тууралуу маалымат түшкөн.

Күбөлөрдүн айтымында, лагерде кароолчу болуш иштеген 29 жаштагы Түп районунун С.С. аттуу жашоочусу ашканага кирип, лагердин жетекчисинин орун басарын ок атуучу курал менен көкүрөк тушка атып салган. Андан кийин шектүү жигит 31 жаштагы Караколдун тургуну ал жерде иштеген М.К. аттуу жумушчуну ичке аткан.

Ал убакта тамактанып жаткан Тасма айылынын 33 жаштагы И.У. аттуу тургуну аны кармоого аракет кылган, бирок ал колунан бычактан жаракат алган.

Алган жаракатынан улам А.Д. ошол жерде жан берсе, М.К. жолдо жардам көрсөтүүгө алып бара жатканда каза болгон.

Ошондой эле күбөлөрдүн билдиргени боюнча, кылмышка шектүү кылмыш жасагандан кийин 48 жаштагы Каракол шаарынын тургуну Л.И. аттуу аялды барымтага алып, окуя жеринен жашырынып кеткен.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Учурда шектелүүчүнү кармоо жана барымтага алынган жаранды бошотуу боюнча атайын операция жүрүүдө.

"Окуя жеринде ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов болуп, операцияны жетектөөдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий