• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү мамлекеттик пансионаттар менчиктештирилбейт – ММБФ

Коом 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү мамлекеттик пансионаттар менчиктештирилбейт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Кыргызстандын мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн жээгинде 4 пансионат бар, алар мурда Өзбекстанга таандык болчу.

“Аврора” пансионаты президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөн. Жогорку Кеңешке караштуу “Алтын-Көл”, Маданият министрлигине караштуу “Витязь” пансионаттары бар. Биз иштин оң-терс жагын карап көрөбүз. Айрымдары өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша даярдыктарды жүргүзүшөт. Айрымдарында таштанды чыгаруучу эң жөнөкөй техника жок, имараттар талкаланууда”,-деди ал.

Муну менен катар Бакиров Ысык-Көлдөгү мамлекеттик мүлктү менчиктештирбей эле койгон оң деп белгиледи.

“Азырынча аларды менчиктештирүү жөнүндө кеп жок. Ал жакта ишенимдүү башкаруу же аутсорсинг болушу мүмкүн”,-деди ММБФ башчысы.

Пикир

Оставить комментарий