• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү мектептерде балдардын катышуусу 91 пайызды түзөт

Аймак 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы мектептерде балдардын катышуусу 91 пайызды түзөт. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык бөлүм башчысы Жыргалбек Абдразаков брифингде билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көлдө өткөн суткада коронавирустун 15 жаңы учуру катталса, анын 5и пневмония, 10у коронавирус.

"Медиктер, мугалим жана балдар арасында илдет катталган жок. Облус аймагында коронавирустун жалпы 7 миң 664 учуру катталган. Учурда облус боюнча 221 орундук бош, 58 бейтап дарыланууда", - дейт ал.

Абдразаков үстүбүздөгү жылдын 11-январынан тартып облустагы бардык мектептерде окутуу кадимки режимде жүрүп жатканын айтат.

"Мектептерде балдардын катышуусу 91 пайызды түзөт. Ал эми 100 бала бакчанын 60ы иштөөдө. Калган 40 мектепке чейинки билим берүү мекемеси жакын арада иштей баштайт", - деди ал.

Социалдык бөлүм башчысы кошумчалагандай, Ысык-Көлгө 20 медициналык унаа берилген. Ошондой эле Чолпон-Атада 60 орундуу, Каракол шаарында 30 орундуу оорукана бүткөрүлсө, Ак-Суудагы ооруканада оңдоп-түзөөдөн өткөн жана Тоң районундагы оорукана оңдолууда.

Пикир

Оставить комментарий