• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдөгү обсервацияда жаткан 26 адамдын ичинен 8 жаранда коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусундагы обсервацияда 26 адам жатат. Бул тууралуу облустук ыкчам штабдан билдиришти.

undefined

Маалыматка ылайык, COVID-19 илдетин жуктурган 8 учур катталган. Алардын ичинен 4 жаран айыккан. Жугуштуу оорулар ооруканасында 4 адам дарыланууда.

222 жарандын анализдери ПЧР тест үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн. Ал эми экспресс-тест 2 миң 414 адамдан алынып, анализдердин жыйынтыгы таза чыккан.

Белгилей кетсек, 20-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 568гө жетти. Алардын ичинен 140ы медицина кызматкери. Коронавирустан 201 жаран айыкса, каза болгондордун саны 7 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий