• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ысык-Көлдөгү пансионатта таунхаус өрттөнүп, 3 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Кечээ, 25-июлда саат 18:20да Ысык-Көлдүн Кожояр айылында жайгашкан "Лагуна Сити" пансионатындагы таунхаустан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт саат 20:06да чектөөгө алынып, өрттүн андан ары өөрчүшүп кетишине жол берилген эмес. Ал эми саат 01:15те толук өчүрүлгөн. Өрт болгон жерде жергиликтүү тургундардан 3 эркек адам (1984-ж.т. Б. А., 1984-ж.т. А. К., 1986-ж.т. К. Р.) II даражада күйүк алышып, Ананьево айылындагы ооруканага жаткырылган. Өрттүн
кесепетинен жыгачтан курулган жалпы аянты 1000 чарчы метр таунхаус толугу менен күйүп кеткен.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда. Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү бөлүм, 4 куткаруучу, медициналык тез жардам кызматынан 2 бригада тартылган.

Пикир

Оставить комментарий