• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдөгү пансионаттар күнүнө 60 миң сом таап, айына болсо патентке 600 сом төлөшөт - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 05.08.19. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү ар бир үй күнүнө 60 миң сомдон киреше тапкан пансионат. Ал эми айына болсо патентке 600 сом төлөшөт. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынын биринчи жарым жылдыгы боюнча отчет угулуп жаткан коллегияда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтуусунда, Бишкектеги кафе жана ресторандар анча көп эмес патент төлөшөт, бирок алардын кирешеси чоң. Ал 3-4 адамдын ресторандагы тамактануусуна эле 3 миң сомдой акча кете тургандыгын мисал келтирди. Күнүнө бир столдо кеминде 5 ирет тамактанышат, ага жараша киреше 15 миң сомду түзөт.

"Патенттен башка нерсеге өтүш керектигин канча убакыттан бери айтып келебиз. Аларды салык төлөөгө үйрөтүш керек. Фискалдык саясатты өзгөртөбүз. Бирок силер тараптан бир да кадам жасалган жок", - деп билдирди өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий