• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү “Радуга+” пансионатында мыйзамсыз курулуштар бузулду

Аймак 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү “Радуга+” пансионатында мыйзамсыз курулуштар бузулду. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндөРадуга+” пансионатынын аймагында сауналардын (ысык кургак абасы бар мончо) мыйзамсыз курулгандыгы аныкталган.

“Мыйзамдарга ылайык административдик айып салынып, пансионаттын ээсинин эсебинен имаратты демонтаждоо жөнүндө акт түзүлгөн”, - деп белгилешти ведомстводон.

Мамкурулуш агенттиги архитектура жана шаар куруу жаатындагы КР мыйзамдарын так сактоону өтүнөт. Ведомство мыйзамсыз курулуш фактыларына бөгөт коюу боюнча активдүү иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий