• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдөгү өрттөн үч баланын каза болушу. Окуянын чоо-жайы айтылды

Кырсык 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Кечээ, 29-декбарда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.

Өрттүн кесепетинен үч кичинекей бала (эки жаштагы эки кыз жана беш жаштагы бала) каза болгон. Болжол менен аянты 105 чарчы метр турак үй толук күйгөн.

“Кабар” агенттигине Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 29-декабрда саат 16:35тер чамасында “102” кызматына Каракол айылында өрт чыккандыгы жана жашы жете элек өспүрүмдөр жабыркагандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Аталган билдирүү электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн.

Окуянын күбөлөрү суралып, алдын ала маалыматка караганда, өрт 35 жаштагы И.В. аттуу жарандын чөп жыйылган гаражында чыккан. Тилсиз жоо үйдү каптап, үч бала көз жумган.

Каза болгон балдардын ата-энелеринин айтымында, ошол күнү алар төрт баласы менен үйүндө болсо, дагы экөө мектепте болгон. Кичинекей балдар үйдүн кире беришинде ойноп жатса, өздөрү ашканада сыналгы көрүп жаткан. Ошол маалда эшикте жүргөн 20 жаштагы Б.А. атуу баласы өрт чыкканын кыйкырып чыккан. Өрт гараждан үйдүн кире беришине өтүп, каптай баштаган.

Үйдө болгон ата-энеси балдары ойноп жаткан жерге бара албай калышкан. Кырсыкты байкаган кошуналар ашкананын терезесинен балдардын ата-энесин алып чыкканга жардам көрсөткөн.

Кырсыктан 5 жаштагы М.Ю., 6 жаштагы М.А. жана 4 жаштагы М.И. аттуу балдар каза болгон.

Учурда тийиштүү экспертизилар дайындалып, териштирүү иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий