• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдөгү суу таза, пансионаттар турсезонго даяр- Мамэкотехинспекция

Аймак 0

Бишкек, 03.07.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун пансионаттары туристтик мезгилге 80-90% даяр. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын алкагында КР Мамэкотехинспекциянын экология боюнча башкармалыгынын башчысы Талант Борочоров билдирди.

Анын маалыматына караганда, Ысык-Көл облусунда 193 пансионат иштейт. “Ысык-Көлдө жаңы суу тазалоочу 25 курулуш салынды, Мамэкотехинспекция көзөмөлдөп, бул багыт боюнча иштерди жүргүзүүдө”, - деди ал.

Борочоровдун айтуусунда, жыл сайын туристтик мезгилдин башында жана аягында айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин лабораториясы менен биргеликте Ысык-Көл көлүнүн суусу алынып, текшерилет. Жыйынтык жакшы, суу таза.

Мамэкотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл жана Тоң райондору боюнча аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Тилек Текебаевдин айтуусунда, 2018-жылы 9 пансионат жабылган.

““Белек”, “Береке”, “Кооператив”, “Сосновая роща”, “Дельфин плюс” пансионаттары Мамэкотехинспекциянын чечими менен жабылган”, - деди Текебаев.

Пикир

Оставить комментарий