• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү “Тескей Жээк” этнофестивалы (фото, видео)

Маданият 0


Бишкек, 19-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. «Южный Берег Иссык-Куля» Туристтик Дестинациясы КР Туризм департаменти, Тоң районунун жашоочулары менен биргеликте “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоорунун колдоосунда 2017-жылдын 15-июлунда “Тескей Жээк” этнофестивалын өткөрүштү.

Фестиваль Ысык-Көл облусунун Тоң районунда өттү. Анда дүйнөнүн Франция, Италия, Чехия, Дания, Швеция, Германия, Австрия, Словакия, Канада, Швейцария, Голландия, Англия, США, Корея, Япония, Түркия, Россия, Казакстан, Израиль, Греция, Испания, Польша, Эстония, Сингапур, Малайзия, Индия сыяктуу 34 өлкөсүнөн 350гө жакын турист катышты.

Программада “Салбуурун”, кызыктуу шоулар, фольклордук шоу, спорттук ат оюндары, кыз куумай, тыйын эңмей, ээр оодарыш, көк бөрү, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар, улуттук ашкана, кыргыз салттарын көрсөтүү, туристтер менен улуттук оюндар жана “Кара Жорго” флешмобу камтылды.

Пикир

Оставить комментарий