• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү тик учактын кулашы: Командир жана орун басары ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди

Коом 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы аскердик тик учактын кыйрашы боюнча иликтөөнүн жүрүшүнө байланыштуу КРнын Аба күчтөрүнүн 23565 аскердин бөлүгүнүн командири Сапарали Бекмуразаев жана анын орун басары Владимир Верещагин убактылуу ээлеген кызматтарынан четтетилди.

“Буйрукка бир нече күн мурда кол коюлган”, - деп “Кабар” агенттигине Башкы штабдын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 9-июлда Ысык-Көл облусундагы Түштүк Эңилчек аянтчасында Аба коргоо күчтөрүнүн тик учагы кырсыкка учураган. Капталдан урган катуу шамалдан улам конуу алдында тик учак сол капталына кыйшайып калган. 4 адам жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий