• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү туробьектилер 80-85% толгон

Аймак 0

Бишкек, 7-август /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ысык-Көлдөгү туристтик обьектилер 80-85% толгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирди.

“Учурда Ысык-Көлдөгү туристтик обьектилер 80-85% толгон. Бул жайкы мезгилдин жогорку көрсөткүчү. Биз бул динамиканы кармап калып, мындан ары өнүктүрүп, тейлөө сервисин жакшыртуубуз керек”,-дейт Азамат Жаманкулов.

Ошондой эле, ал Ысык-Көлдүн түштүк жээги эко-жана туризмдин маданият борбору катары өнүгөөрүн, бүгүнкү күнү республиканын башка аймактарындагы туризмди өнүктүрүүнүн үстүндө иш жүрүп жатат деп белгиледи. Эксперттер ар бир аймакты изилдеп, кандай багытта өнүктүрүүнү такташууда.

Пикир

Оставить комментарий