• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдөгү "Витязь" пансионатында өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 11.12.17. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы "Витязь" эс алуу жайынын корпусунан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМдин билдирүүсүнө караганда, окуя бүгүн 11-декабрда болжол менен саат 14:15те катталган.

“Өрттү өчүрүүгө саат 14:15те КР ӨКМнин Ысык-Көл райондук №32 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган, саат 14:25те КР ӨКМнин №32 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, саат 14:35де №31 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылды. “,-деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, саат 16:15те өрт чектөөгө алынган. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий