• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы. BMW X7 унаасынын айдоочусу ылдамдыкты ашырып айдаган

Коом 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын июль айында Ысык-Көл облусунда болгон жол кырсыкты иликтөө иштеринин алкагында, автотехникалык экспертиза жасалып BMW X7 унаасынын айдоочусу ылдамдыкты ашырып айдаганы аныкталган. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

“Экспертиза, унаанын айдоочусу ылдамдыкты ашырып айдаганын көрсөттү. Каракол шаардык сотунун чечими менен айдоочу үй камагына алынган”, - деп билдиришти милициядан.

Эскерте кетсек, бул жол кырсыгы июль айында Чолпон-Ата шаарына жакын жерде болгон. Анда BMW Х7 жана Lexus унаалары кагылышкан. Жол кырсыгынын айынан эки адам кырсык болгон жерде эле көз жумса, дагы экөө ооруканада каза болгон.

Белгилей кетсек, жол кырсыгына кабылган BMW Х7 унаасынын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу – Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобеков болгон.

Пикир

Оставить комментарий