• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан бир кыз көз жумуп, 5 адам жабыркады

Кырсык 0

БИШКЕК, 11.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, бир адам каза болуп, бешөө жабыркады,- деп билдирди ӨКМ басма сөз кызматы.

Кырсык кечээ, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 49 чакырымында болжолу менен саат 14:06 чамаларында катталган. Маалымдалгандай, «Мерседес-Гигант» кичи автобусу менен «Мерседес-124» үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын жыйынтыгында жеңил унаадагы жүргүнчүлөр жабыркаган. Жеринде 1992-жылы туулган кыз көз жумуп, дагы беш адам Балыкчынын ооруканасына жеткирилген.

Эскерте кетсек, 10-августта болжолу менен 14.20 чамасында Тоң районунда дагы жол кырсыгы катталып, эки адам каза болуп, жети адам ар кандай жаракаттарды алган.

Буга чейин бир күн мурун, тагыраагы 9-августта Ысык-Көлдө 15 мүнөттүн ортосунда эки жол кырсыгы катталган. Андан төрт адам каза таап, алардын бирөөсү болгону 7 жашта болгон, дагы бир бала ооруканага түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий