• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан бир жашар кыз көз жумуп, эки бала ооруканага түштү

Кырсык 0

Бишкек, 1-август /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 210-чакырымында жол кырсыгы катталып, бир жаштагы кыз көз жумуп, дагы эки кичинекей бала, бир чоң киши ооруканага түштү.

Ысык-Көл облусунун Ички иштер бөлүмүнөн билдиргендей, кырсык 30-июлда катталган.

“Honda Fit” үлгүсүн башкарып келаткан караколдун тургуну рулду башкара албай, каршы келаткан “Audi 100” унаасын сүзгөн. Анда Тилекматтан келаткан үй-бүлө мүчөлөрү болгон”,-деп билдирди басма сөз кызматы.

Кырсыктын жыйынтыгында “Audiдеги” 2016-жылы туулган кичинекей кыз каза тапкан. Анын 23 жаштагы апасы, 3 жашар агасы ооруканага жаткырылды. Ошондой эле, “Hondа” унаасынын айдоочусунун 4 жашар кызы ооруканага жаткырылды.

Маалымдалгандай, учурда кырсыктын келип чыгышы иликтенип жатат. Эки унаанын айдоочулары жеңил жараттарды алышкан.

Пикир

Оставить комментарий