• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан Рыспек Акматбаевдин ата-энеси каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда катталган жол кырсыгынан кримтөбөл Рыспек Акматбаевдин ата-энеси каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Ананьево – Каракол унаа жолунда (Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда) бүгүн, 4-октябрда болжол менен саат 10:05те жол кырсыгы катталып, анда Лексус 300 рулга ээ боло албай калгандыгы айтылат. Автоунаа жолдон чыгып, бир нече оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 84 жаштагы А.А. аттуу айдоочу жана 1940-жылы туулган У.С. аттуу жүргүнчү жеринде каза болгон.

Кырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий