• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгында айдоочу аял каза болуп, 5 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. Балыкчы-Бөкөнбаев жолунун 4-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кечээ, 29-июлда саат 08:40 чамасында Ак-Өлөң айылында “Жигули” жана “Ауди 100” унаалары сүзүшкөн. Натыйжада 1960-жылы төрөлгөн Я.Т аттуу айдоочу аял көз жумуп, 5 адам жабыркаган.

Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар кырсыктан жабыркагандарды унаалардан алып чыгып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен. Ал эми каза болгон айдоочунун денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий