• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ысык-Көлдөгү жол кырсыктарынын басымдуусу эс алуучулар тарабынан жасалууда

Аймак 0

Бишкек, 4-август /Кабар/. Ысык-Көлдөгү туристтик мезгилдеги жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү эс алууга келгендер тарабынан жасалууда,- деп билдирди облусттук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-августта Ысык-Көл облусттук ички иштер бөлүмүндө ыкчам жыйын өтүп, анда туристтик мезгилдеги эки ай аралыгынын жыйынтыгы каралды. Аталган мекеменин жетекчиси Октябрь Урмамбетов актуалдуу маселелердин бири болуп жол кырсыгы жана анын кесепеттери эсептелээрин баса белгиледи.

Белгилүү болгондой, 1-июндан 31-июлга чейин облусттун аймагында 111 жол кырсыгы катталгаИИБн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 окуяга көптүк кылат. Каза болгон адамдардын саны өскөн. Анткен менен ар кандай жаракаттарды алгандардын саны кыскарган.

Балдар катышкан кырсык 2 фактыга азайган, бирок каза болгон балдардын саны көбөйгөн.

Жыйында маалымдалгандай, жол кырсыктарынын башкы себеби, жол эрежелерин сактабагандан жана унааны жогорку ылдамдыкта айдоодон келип чыгууда. Өзгөчө айдоочулар эс албастан жолго чыгып, рулда уктап кетишүүдө. Облусттагы жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл районуна туура келет, ал жакта 40 жол кырсыгы катталган. Ошондой эле, Тоң районунда 13-18 жол кырсыгы катталган. Аталган аймактарда Ысык-Көл облусуна келаткандагы негизги жол жайгашкан.

Мындан тышкары, жол кырсыктарынын 60% эс алуучулар тарабынан жасалып жатканы айтылды. Мындан улам Ысык-Көл облусунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери айдоочуларды этият, кылдат, жоопкерчиликтүү болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий