• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Грек-рим күрөшүнүн балбандары лицензиялык мелдештерге даярдык көрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Грек-рим күрөшүнүн балбандары лицензиялык мелдештерге даярдык көрүшүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйын өткөрүүдө.

Окуу-машыгуу жыйын 9-январда старт алып, 30-январга чейин уланат.

Окуу-машыгуу жыйын Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий