• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө “Highland” электрондук музыка фестивалы өттү

Коом 0

Бишкек, 18-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 15-июлда электрондук музыка фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, “Highland”-бул “EDM” музыкасы менен байланыш, тагыраагы классикалык жана этно-музыканын айкалышы. Фестивалга келген 3 миңден ашык көрүүчүнү республиканын алдыңкы ди-джейлеринин шоусу кайдыгер калтырган жок.

“Шоу өтө кызыктуу болуп, жогорку деңгээлде өттү. Эң негизгиси көрүүчүлөргө жакты”,-дейт уюштуруучулар

Конокторго мындан тышкары Көл жөнүндөгү анимациалык уламыштардын ролиги тартууланды.

Ошондой эле, уюштуруучулар аталган ат майданда КВНдин “Ала-Тоо” жайкы лигасы тамашасын көрсөтүп, анда “РУДН” командасы конок катары чакырылганын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий