• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 43 аял жана эки өспүрүм жабыркаган

Аймак 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Ысык-Көл облустук милициясы жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, - деп билдирет облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өткөн аптанын аягында Балыкчы шаарында жана Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жергиликтүүлөр менен жолугушуу өткөн.

Милициядан билдиришкендей, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана жашы жете электерге карата жасалган кылмыштарга өзгөчө көңүл бурулган. ИИБ жетекчисинин орун басары Акылбек Бекишев маалымдагандай, Ысык-Көл облусунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 43 аял жана эки өспүрүм жабыркаган. Алардын ичинен Тоң районунда - 4, Балыкчы шаарында - 2.

Жолугушууда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун келип чыгуу себеби жана аны чечүүнүн жолдору талкууланган.

Пикир

Оставить комментарий