• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө үй карантинин бузган 8 жаран үчүн бир айыл эли изоляцияга алынды – штаб

COVID - 19 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Ысык-Көлдө үй карантинин бузган 8 жаран үчүн бир айыл эли изоляцияга алынды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан белгилешкендей, ал 8 жаран чет өлкөдөн келип, үй карантининде болгон. Бирок алар үй карантининин шарттарын бузушкан.

"Үй карантинин сактабаган Түп районунун Ысык-Көл айылынын чет өлкөлөрдөн кайтып келген 8 жараны обсервацияга алынды. Алар үй карантиндин шарттарын бузгандыгы үчүн коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында облустук ыкчам штабынын чечими менен жалпы айыл эли изоляцияга алынды", - деп билдиришти штабдан.

Пикир

Оставить комментарий