• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ысык-Көлдө “Япон сакура бакчасы” ачылды

Аймак 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Тамга айылындагы “Тамга” санаторийинин аймагында КР мамлекеттик органдарынын расмий адамдарынын, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, ТИМ өкүлдөрүнүн, коомдук ишмерлердин жана япон тараптын өкүлдөрүнүн катышуусундаСакура бакчасынын” ачылышы болду.

“Сакура бакчасы” аталышындагы парк аймагын түзүү долбоору КРнын Япониядагы Ардактуу консулу М.Мидзусако тарабынан КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы менен биргеликте, КР ТИМ, Япониядагы КР элчилиги жана башка маморгандардын аракеттешүүсү менен ишке ашырылды.

Ачылыш аземинде КР Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Н.Дүйшөналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Т.Масабиров, Япониянын КРдагы элчиси Ё. Ямамура жана КРнын Кагошима (Япония) префектурасындагы Ардактуу консулу М. Мидзусако катышышты.

Андан соң салтанаттын катышуучулары сакура көчөттөрүн отургузушту.

Эскерте кетсек, Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган соң, “Тамга” санаторийин курууга япон аскер туткундары катышкан. Тамга айылында 2 жыл бою болгон 125 япон аскер туткунунун баары 1948-жылы аман-эсен Японияга кайтышкандыгын белгилей кетүү керек.

Сакура бакчасы кыргыз-япон достугунун жаркын символдорунун бири катары таанылып калат.

Пикир

Оставить комментарий