• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө үйлөргө кирген сел суулары тазаланып, жол каттамы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 03.08.22./Кабар/. Ысык-Көлдө үйлөргө кирген сел суулары тазаланып, жол каттамы ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-августта саат 8:30 чамасында Жети-Өгүз районунда сел жүрүп, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 154-чакырымын кум-шагылга толтурган.

Ошондой эле сел суулары Кичи-Жаргылчак айылында 2 үйдүн короо-сарайын каптап, 1 үйдүн жер төлөсүнө жана сарайына кирген.

Жерине 4 куткаруучу, 2 жүктөгүч, 1 грейдер тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп, унаа жолу эки тараптуу ачылды.

Пикир

Оставить комментарий