• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө ири өлчөмдөгү баңгизатын ташууга шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. "Канал-Неман" эл аралык баңгизаттарга каршы операциясынын алкагында Ысык-Көлдө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташыган жаран карамалды, - деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча баркармалыгына М.Ш. аттуу жаран Ысык-Көлдүн аймагында баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Аталган факт боюнча Жети-Өгүз райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

"Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында кызматкерлер тарабынан атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда 1988-жылы туулган М.Ш. аттуу жарандын башкаруусундагы Honda CR-V автоунаасы токтотулган. Аталган унаада айдоочунун отургучунун алдында ичинде баңгизат каражаты салынган 60 ширеңке кутучасы табылып алынган", - деп айтылат маалыматта.

Соттук-химиялык экспертизанын кортундусуна ылайык, алынган зат салмагы 640 граммды түзгөн “гашиш” баңгизат каражаты болгон.

Азыркы учурда кармалган адам Каракол шаарынын тергөө изоляторуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий