• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө испаниялык жубайлар жол кырсыгына кабылды — сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда испаниялык жубайлар жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Шахта-Жыргалаң айылына караштуу мейманканалардын биринен түшкөн маалымат боюнча, чет өлкөлүк эки жаран куткаруу кызматына муктаж экендиги айтылган.

Жол кырсыгына кабылган жарандарды куткаруу үчүн сегиз куткаруучу тартылган. Испаниялык 36 жаштагы жубайларга жардам көрсөтүлүп, унаа чыгарылган.

Жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий