• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды, - деп маалымдайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КРнын Сейсмология иститутунун маалыматына ылайык, жер титирөө 31-майда болжол менен саат 00:08де Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ак-Суу районунун Кургак айылында 3,5 баллга, Таш-Короо айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий