• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ысык-Көлдө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 20-октябрда, саат 07:04тө катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Ысык-Көл районунун Кашат, Көк-Дөбө, Григорьевка, Семеновка, Ананьево айылдарында 2,5 балл, Темировка жана Корумду айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий