• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 28.04.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагындагы Тескей Ала-Тоодо күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жер титирөө кечээ, 27-апрелде болжол менен саат 22:18 чамасында катталган.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Тоң районунун Кажы-Саз айылында 3 балл, Кажы-Сай шаарчасында жана Туура-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий