Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-апрелде, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жер титирөө катталды.
ӨКМ Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдиргендей, жер титирөө саат 13:36да катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн очогу Тоң районунун Кажы-Саз айылында күчү 3 баллга жетсе, ал эми Кажы-Сай шаарчасында 2,5 баллга жеткени катталган.
Алдын ала маалыматка караганда, жер титирөөдөн жабыркагандар жок.
Пикир
Оставить комментарий