• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 9-январда болжол менен саат 01:41де болуп, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Тон районунун Оттук айылында 3 баллга, Кара-Талаа айылында 2,5 баллга жана Ак-Өлөң айылына 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий