• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ысык-Көлдө күчү 4,5 баллга жеткен экинчи жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 16.11.17. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында дагы жер титирөө катталып, бул ирээт күчү 4,5 баллга жетти,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Сейсмология институтунун алдын ала берген маалыматына ылайык, бүгүн, 16-ноябрда саат 07:42де Ысык-Көл облусунун Жети -Өгүз районунун Кара-Сай айылынан 15 чакырым түндүк-батышта, Каракол айылынан 25 чакырым түндүк-чыгышта, Кажы-Сай шаарчасынан 75 чакырым түштүк-чыгышта очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн күчү Кара-Сай айылында – 4 балл, Каракол шаарында-3,5 балл сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий