• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ысык-Көлдө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 23-майда саат 21:22де Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Каракол шаарында, Жети-Өгүз районунун Дархан, Оргочор, Кабак, Богатыровка, Мундуз, Ак-Дөбө, Тилекмат, Кызыл-Суу, Жети-Өгүз айылдарында жана Түп районунун Михайловка, Тогуз-Булак айылдарында 4 балл, Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Теплоключенка, Маман, Тегизчил, Нововознесеновка айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка караганда, жеер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий