• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ысык-Көлдө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 балга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨЗгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 26-майда түнкү саат 21:50дө катталган.

"Жер титирөөнүн радиусу Ысык-Көл районунун айылдарын жана шаарын камтыган. Алсак, Ысык-Көл районунун Көк-Дөбө айылында 4 балл, Ананьево, Кароол-Дөбө айылдарында 3,5 балл, Чолпон-Ата шаарында 2,5 баллга чейин сезилген", - деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий