• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 06.05.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 5-майда катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айылында 4,5 баллга, Ыштык айылында 3,5 баллга жана Кара-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Мындан сырткары Ак-Суу районунун Эңилчек, Кургак айылдарында 3 баллга, Койлуу, Таш-Короо, Май-Саз айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий