• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-мартында Ысык-Көл облусунун аймагында жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:17де очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

КРнын УИАнын сейсмология институтунун маалыматы боюнча, КРнын калктуу пунктарында жер титирөө Туура-Суу, Бөкөнбаев, Темир-Канат айылдарында – 3,5 балл, Төрт-Күл, Кажы-Сай, Тоң, Көк-Сай, Эшперов, Тогуз-Булак айылдарында – 3 балл, Коңур-Өлөң, Ак-Сай, Тосор, Тамгада – 2,5 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий