• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ысык-Көлдүн Челпек айылындагы бала бакча оңдолду

Аймак 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Челпек айылындагы бала бакча оңдолуп. колдонууга берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эскилиги жеткен балдар бакчасы 1982-жылы салыган.

Салтанаттуу ачылыш аземине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, фонддун кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Бала бакчанын имаратын ондоого Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жалпысынан 4 млн 285 миң сом бөлүнгөн.

"Имараттын эскилиги жетип калгандыктан буга чейин элүүдөй гана бала мектептин бир бөлүгүндө тарбияланып келген. Ал эми оңдоодон өткөн бала бакча Челпек, Бурма-Суу жана Таш-Кыя айылдарынын балдарын кабыл алууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий