• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча мелдештер башталды

Спорт 0

Бишкек, 13-апрель /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо көк бөрү боюнча мелдештер башталды. Бул тууралуу КР көк бөрү федерациясы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, турнир КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу “Этно маданият, спорттук ат оюндары индустриясын жана асыл тукумдуу жылкыларды багууну өнүктүрүү борбору” (№54 Мамлекеттик асыл тукум жылкы заводу) мамлекеттик ишканасынын 90 жылдыгына арналып өтүп жатат.

Көк бөрү боюнча мелдештерге Ысык-Көл облусунан 8 курама команда катышат.

Турнирдин жалпы байге фонду 300 миң сом: 1-орунга – 200 миң сом, 2-орунга – 50 миң сом, 3-орунга 30 миң сом, 4-орунга – 20 миң сом.

Иш-чараны өткөрүүгө КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жетекчилик кылууда.

Пикир

Оставить комментарий