• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө көпүрө сынып, Жол тейлөө ишканасынын кызматкери каза болду

Коом 0


Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө көпүрө сынып, Жол тейлөө ишканасынын кызматкери каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-июнда Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз курортундагы Көк-Жайык жайлоосуна баруучу унаа жолдун 3-көпүрөсүнөн өтүп бара жаткан учурда карагайдан салынган көпүрө сынып кетип, натыйжада Жол тейлөө ишканасынын кызматкери эксковатор унаасы менен саат 17:00 чамасында Жети-Өгүз суусуна кулап кеткени кабарланган.

Жерине саат 17:20да Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан АСМ унаасы менен 4 куткаруучу, ага кошумча саат 19:39да Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 19 куткаруучу жана облустук суу чарба башкармалыгынан 1 кран тартылган.

Саат 20:20да жүктөгүчтүн жардамы менен экскаватордун кабинасынан айдоочунун сөөгү чыгарылган. Ал 45 жаштагы жол тейлөө ишканасынын кызматкери А.М. болгон.

Эскерте кетсек, 13-июнь күнү саат 18:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Жети-Өгүз айылында Жети-Өгүз суусунун деңгээли көтөрүлүп, 3 турак үйдү суу каптап кетүү коркунучу жаралган.

Ошондой эле Көк-Жайык жайлоосуна баруучу Конкин-Жети-Өгүз-Телти унаа жолунун 39-чакырымында жайгашкан 4-көпүрөнү агызып кетүү коркунучу жаралган. Бекемдөө иштерин жүргүзүүгө №35 Жол тейлөө ишканасынан 1 экскаватор, 1 Хово, жайыт комитетинен 1 жүктөгүч тартылган.

Пикир

Оставить комментарий