• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалагандар аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.02.19 /Кабар/. "Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалап кеткен" деп жергиликтүү тургундардын бири шек саналууда. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Замирбек Турсунбеков маалымдады.

Турсунбековдун айтымында, көрүстөндөгү эстеликтерди талкалоо айыл тургундарынын жеке пикир келишпестигинен улам келип чыккан.

Баштапкы маалымат боюнча окуяга диний көз караштар себеп болгон эмес. Учурда милицияда тергөө иштери жүрүп жатат.

11-январдын кечинде белгисиз адамдар Ананьево айылындагы православ көрүстөнүнө келип, маркумдарга коюлган 91 эстеликти талкалап кеткен. Көрүстөндүн жалпы аянты 1,5 гектар.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев окуяны өзгөчө адепсиз көрүнүш катары баалап, күнөөкөрлөрдү тез арада табууну Ички иштер министрлигине тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий