• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө “Кайраттуулуктун жумалыгы” акциясы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 97 жылдык салтанатын белгилөө алдында Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери жана ардагерлери “Кайраттуулуктун жумалыгы” аталышындагы акциясын уюштурууда.

Иш-чаранын максаты — жаш муундардын патриоттук сезимин көтөрүүгө жана куралдуу кылмышкерлердин колунан каза тапкан милиция кызматкерлеринин эрдигин урматтоого багытталган.

Ысык-Көл облустук ичи иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Акылбек Бекишев, Ысык-Көл райондук милициянын ардагерлер кеңешинин төрагасы жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, Бостери айылындагы А.Мамытов атындагы мектеп-гимназиясында болуп, жогорку класстын окуучулары менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда милиция кызматкерлери жана ардагерлер мектеп окуучуларына ички иштер органынын айрым кызматкерлеринин өмүрү, кылган кызматы кайраттуулуктун жана эр жүрөктүүлүктүн үлгүсү болорун белгилешти.

Алардын арасында, согуш мезгилинде адамдардын өмүрүн сактап калгандар гана эмес, ошондой эле тынчтык мезгилде оор кылмыштарды жана айрыкча куралдуу кылмышкерлерди кармашып, орден жана медалдарды алышкан милиция кызматкерлери бар. 1970-жылдан баштап куралдуу кылмышкерлердин колунан райондук милициянын төрт кызматкери каза болушкан. Алардын жаркын элесине арналган айкел Ысык-Көл райондук милициянын имаратынын алдында орнотулган.

Акырында А.Мамытов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары тарабынан даярдалган, укук тартип сакчыларынын кесиптик майрамына арналган сүрөт көргөзмөсүн меймандарга тартуулашты. Окуучулардын мыкты деп табылган эмгектери Ысык-Көл райондук милициясынын грамоталары жана белектери менен сыйланды.

Мындай иш-чара бир жуманын аралыгында облустун бардык шаар жана райондордун мектептеринде уланат.

Пикир

Оставить комментарий