• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө Каракол суусуна жакын жайгашкан 27 турак үйлөрдүн ээлери коопсуз жайга көчүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 31.07.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө Каракол суусунун денгээли көтөрүлүп, тегерегинде жакын жайгашкан турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу 27 турак үйлөрдүн ээлерин коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Каракол суусунун жээгиндеги бак-дарактарды тамыры менен агызып кеткен жана 1 көпүрө авариялык абалда.

Тартылган күч-каражаттар: Каракол шаардык ӨКБдан 20 куткаруучу жана 4 офицер, ИИМден 40 кызматкер, транспорт кызматынан 2 спринтер тартылган. Жалпы 2 техника 64 адам.

Каракол суусунун кооптуу тилкелерин аныктоо максатында 24 куткаруучу жана шаардык мэриянын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барылууда.

Каракол шаарынын аймагында жайгашкан “Ривер парк” эс алуучу жайын суу каптоодо. Каракол шаардык Жарандык коорго кызматтарынын инженердик техникалары иш алып баруу үчүн даярдалууда.

Пикир

Оставить комментарий