• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ысык-Көлдө Карасаевдин 120 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 5-январда лексикограф жана лексиколог К.Карасаевдин 120 жылдык мааракесине арналган "Кусейин Карасаев – кыргыз элинин улуу мудариси" аттуу илимий-практикалык конференция уюштурулду.

Илимий-практикалык конференцияга өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Кусейин Карасаевдин кызы Алтынай Карасаева, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаева, Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев, К.Тыныстанов атындагы университеттин ректору Аскар Иманбаев жана университеттин окутуучулары жана кызматкерлери катышты.

Алгач ачылыш аземи Каракол шаарынын Пржевальский атындагы мемориалдык комплексиндеги Кусейин Карасаевдин атын алып жүргөн музейде өткөрүлдү. Залкар окумуштуу, түркологдун айкелине куран окулуп, тилчинин өмүр жолу, эмгектери эскерилди.

Конференциянын соңунда Карасаев таануучу Алихан Ибраимов жыйынтыктоочу сөз айтып, конференциянын уюштуруучуларына терең ыраазычылыгын билдирди.

Конференциянын бүтүрүү аземи К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында орун алып, театралдык көрсөтүү менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий