• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көлдө каратэ шотокан боюнча Азия чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү “Газпром” комплексинде каратэ шотокан боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Спорт жана дене тарбия департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-3 июлда өтө турган мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Иран, Индия, Түркмөнстан, Пакистан, Непал жана Ливандын спортчулары катышат.

6-7, 8-9, 10-11, 12-13, 14-15, 16-17, 21 жашка чейин, 18, 35-40, 41-46, 47-52, 53 жаштан жогору спортчулар ката, кумитэ: шобу иппон, шобу санбон, WKF дисциплиналары боюнча күчүн сынайт.

Пикир

Оставить комментарий