• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ысык-Көлдө казак түрмөсүнөн качып кеткен өзгөчө кооптуу кылмышкер кармалды

Коом 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Ысык-Көлдө казак түрмөсүнөн качып кеткен кооптуу кылмышкер кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан изделип жаткан өзгөчө кооптуу кылмыштуу топтун башчысы кармалган.

5-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын аймагында таластык Жылдызбек Бекмурзаев аттуу 32 жаштагы жаран кармалган. Буга чейин каракчылык, зордуктоо, уурдоо үчүн соттолгон жаранга бир катар оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөө жарыяланган.

Кылмыштуу топтун башчысын кармоого багытталган атайын операция дээрлик бир ай жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий